Мамлекеттик валюта жекебасарлыгы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ВАЛЮТА ЖЕКЕБАСАРЛЫГЫ – валюта баалуулуктары менен иш жүргүзүүгө же мындай аткарымдарды белгилүү бир органдар менен уюмдардын жүргүзүүсүнө улуксат берүүгө, валюта каражаттарын колдонуу тартибин аныктоого мамлекеттин өзгөчө укугу. М. в. ж. валюталык аткарымдарды жөнгө салууну, валюта каражаттарын пайдаланууга көзөмөл кылууну, анын натыйжалуулугун арттыруу чараларын ишке ашырууну көздөйт.